www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270–271-чакырым аралыгына ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 4-июнунда саат 17:30 чамасында катталган. Көчкүнүн кесепетинен аталган тилкеде бардык унаалар үчүн жол жабылган.
Учурда жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жолду мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ачуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды коопсуздук максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттабай турууга чакырып, жол кыймылынын эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууну өтүндү.
Жолдун ачылышы жана кырдаал боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.