www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандыгы менен куттуктады. 

«Бул маанилүү жетишкендик Кыргызстандын жогорку эл аралык аброюн, анын тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого, туруктуу өнүгүү жана көп тараптуу кызматташтыкка кошкон ырааттуу салымынын таанылгандыгынын айкын далили болуп саналат. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине катышуусу Шанхай кызматташтык уюмунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген өз ара урматтоо, тең укуктуу диалог жана актуалдуу эл аралык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү принциптерин илгерилетүүгө өбөлгө болоруна ишенем. 

Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан боордош элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Последние новости