www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИЗМЕ - Бишкекте 8 автобустун кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобустун каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, № 17, № 32, № 42, № 145, № 212, № 215, № 254 жана № 14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрөт.

Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү оңдоо иштерине, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жабылган.

Мындан тышкары, аталган тилкеде эски асфальт катмарын жана бордюрларды жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Последние новости