www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдаров Айбек Самудинович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 2-мартта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Айдаров Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган, учурда мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы багыты боюнча аспирантурада билим алууда.
Мамлекеттик органдарда 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Түрдүү жылдары Экономика министрлигинде, Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинде, өкмөттүн аппаратында жана президенттин администрациясында кызматтарды аркалаган. Дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгын жетектеген.
Буга чейин бул кызматты Орозбек Сыдыков аркалап келген, ал бул кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган.