www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Уфа шаарындагы түркиялык компаниянын иштен мыйзамсыз бошотконуна даттанган кыргызстандык айдоочулардын кайрылуусу каралып жатат. Бул боюнча ишти Орусиядагы элчилик алып барып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Уфадагы ардактуу консулу кыргыз жарандары туш болгон жагдай боюнча иштеп жатат. Министрлик иштен мыйзамсыз бошотулганын айткан мекендештерге тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин интернетте Башкырстандагы кыргыз жарандары кайрылуу жолдошкон. Алар аталган шаарда иш алып барган түркиялык компания жумуштан мыйзамсыз бошотконун жана укуктарын бузганына даттанган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости