www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ Орусияга бара жаткан кыргызстандыктарга кайрылат

Ушул жылдын 30-июнунан тартып чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар Орусияга кирүү ниети тууралуу маалыматты “RuID” мамлекеттик кызматтар порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу чек арадан өтүүдөн кеминде 72 саат мурда тапшырышы керек.

ТИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, документтер менен тастыкталган шашылыш дарылануу, оор дарт же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу өзгөчө жагдайларда арызды пландалган кирүү убактысына чейин 4 сааттан кечиктирбей тапшырууга болот.

Ал эми эл аралык жүк ташууларды аткарган айдоочулардын жыл ичинде Орусияда болуу мөөнөтү 180 суткага чейин узартылды. Аталган жарандар өлкөгө кирүү жөнүндө арызды мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын “RuID” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырууга милдеттүү.

Кирүү жөнүндө арызды тапшырууда өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган айдоочунун кесиптик ишмердүүлүгүн тастыктаган документтерди тиркөө зарыл.

Орусия Өкмөтүнүн 2026-жылдын 27-апрелиндеги №468 токтому менен каралган талап кылынуучу документтердин тизмеси менен укуктук маалыматтын расмий интернет-порталынан таанышууга болот: http://publication.pravo.gov.ru.

 

Последние новости