www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мексиканын бир катар аймактарында башаламандыктар орун алганына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын кырдаал турукташканга чейин аталган аймактарга баруудан карманууга чакырат.
ТИМден белгилешкендей, ошондой эле Мексиканын аймагында жүргөн жарандарга коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоо, адамдар көп чогулган жайлардан алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине (Вашингтон шаары) төмөнкү байланыштар аркылуу: +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924, [email protected]. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 999 312 002.