www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ара төрөлгөн ымыркайларда кездешүүчү ретинопатияны — мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн балдарда гана өнүгүп, убагында дарыланбаса толук жана кайтарылгыс сокурлукка алып келиши мүмкүн болгон ооруну — эрте аныктоо жана дарылоо системасы күчөтүлүүдө.
Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгер-офтальмологу Алина Сагынбекова маалымдады. Адистин айтымында, ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы көздүн кан тамыр кабыгынын жана анатомиялык түзүлүштөрүнүн жетиле электиги менен байланыштуу. Оору төрөлгөн учурда эмес, ымыркай чоңойгон сайын өнүгөт. Ошондуктан өз убагында текшерүүдөн өткөрүү өзгөчө маанилүү.
Ретинопатия жашоонун алгачкы үч жумасында аныкталат. Кош бойлуулуктун 35-жумасына чейин төрөлгөн бардык ымыркайлар сөзсүз түрдө офтальмолог тарабынан текшерилиши керек. Бишкек шаарында мындай кароолор Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүргүзүлөт, ал эми региондордо — атайын даярдыктан өткөн адистер иштеген борбордук областтык ооруканаларда скрининг өткөрүлөт.