www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Афганстан менен Пакистан Ислам Республикасы чек арасындагы кырдаалдын курчушу жана аскердик активдүүлүктүн өсүшү менен байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарына аталган өлкөлөргө сапарларды кырдаал турукташканга чейин токтотууну катуу сунуштайт.
Ошондой эле, азыркы учурда Пакистан Ислам Республикасынын аймагында авиарейстер штаттык режимде аткарылып, аба мейкиндиги ачык бойдон калууда. Кыргыз Республикасына кайтуу зарылдыгы жаралган учурда, КР жарандары коопсуздук чараларын сактоо шартында өз алдынча чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдиребиз.
Аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн жарандарга өзгөчө этият болуу, адамдар көп топтолгон жайларды жана мүмкүн болуучу коркунучтуу аймактарды четтөө, жергиликтүү бийликтердин жана укук коргоо органдарынын коопсуздук боюнча талаптарын так аткаруу, ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын алып жүрүү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көз салып туруу сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар же жардамга муктаж болгон жарандарга Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы (Пакистан Ислам Республикасы) жана Кабул шаарындагы (Афганистан) Элчиликтерине төмөнкү түз байланыш телефон номерлери аркылуу кайрылуу сунушталат:
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги (Исламабад шаары):
+92 333 5556343
+92 333 5209903
Кыргыз Республикасынын Афганстандагы Элчилиги (Кабул шаары):
+93 77 909 93 26
WhatsApp: +93 77 654 45 04
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (түнкү сааттарда да):
+996 999 312 002, email: [email protected]