www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта "Кыргызнефтегаз" ишканасы боюнча иш козголгонун ырасталып, анын алкагында бир нече адам суракка чакырылганы маалымдалды, бирок арасында Тай-Мурас Ташиев болгон эмес.
Буга чейин айрым булактар Тай-Мурас Ташиев милицияда суракта экенин кабарлашкан. ИИМ бул кабарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес, маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.
Тай-Мурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин уулу. Ал "Томас и Ко" компаниясынын директорунун орун басары. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.