www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев тынчтыкты чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн негизги универсалдуу эл аралык уюм катары БУУнун маанилүү ролун белгиледи.

Маектештер Кыргыз Республикасынын БУУ тутуму менен өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, климаттык күн тартибин илгерилетүү, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелериндеги кызматташуу тууралуу пикир билдиришти.

БУУнун Башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине катышуу үчүн Бишкекке боло турган сапарына өзгөчө көңүл бурулду. Башкы катчы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Саммитке катышуу тууралуу чакыруусун кубануу менен кабыл алганын белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы өз ара пайдалуу диалогду жана өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык аянтчалардын алкагында активдүү ар тараптуу аракеттенүүнү улантууга кызыкдар экендигин ырасташты.

Последние новости