www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаевди эстегенде эле апасындай Азиза Абдирасуловага ыдык көрсөтүп, Ала-Тоо аянтынан сүйрөгөнү көзгө элестейт. Кандай зөөкүрлүк, зулумдук э?

Мына ушундай кадр бакыйган районду башкарып, бирок ынанымдуу иши менен көрүнбөй, жеңил пиарга алдырып жибергени таңгалдырууда. Инстаграмга майда-барат иштерин чагылдырып, лайк бастырып, ушул жагынан кумар алып жаткандай. Андан көрө коомдуккоопсуздук абалды чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү машакатында алектенбейби? Кызык эле.

ИИМ тарабынан иши ортозаар катары бааланып келгенин кайда жашырабыз? Буга чейин кызматкерлери пара менен кармалып келишсе, мындан ары ушул өксүктү болтурбоо жагынан алпурушса кана?!

Айтор, ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетовдун “жетегинде” чоңоюп, жердешчиликтин желаргысында сакталып келаткан кадр беле? Эски кылмыш иштерин эстебей койсок эле унутулуп калабы? Кыскасы, суроолор көп. Жооптуу кызматта кантип отурат? Моралдык жагын караш керек го...

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости