www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Ордодо каза болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү таанып-билди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 3-октябрында Ак-Ордо жаңы конушунда өзгөчө оор кылмыш - эки адамдын өлүмү катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалып, тергөө иш- амалдары улантылууда.
Тергөө иш-аракеттеринин алкагында, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген кеңири көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.
"Мен кармалган адамды жүз пайыз эмес миң пайыз тааныдым. Ал гана эмес балдарым тааныды", - деди маркумду жубайы.
Мындан тышкары, маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранды.