www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 18-августта жеке менчик тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, тез жардам унаасы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, тез жардам унаасынын айдоочусу Subaru Outback унаасынын айдоочусу жол чырактын тыюу салган белгисине карабай өтүп кеткенин билдирген.
Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасындагы жаран жабыркаган. Ал башка тез жардам бригадасы тарабынан ооруканага жеткирилген.
Учурда кырсыктын бардык жагдайлары жана себептери такталууда.