www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдыктын алкагында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) аймагында мониторинг жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү курулуп жаткан «Ырыс Ордо» конгресс-холлуна жана конок үйлөрүнө жакын жайгашкан аймакты текшеришти.

Мониторинг учурунда аймактын, имараттардын фасаддарынын, тосмолордун жана башка объектилердин сырткы көрүнүшүнүн абалына көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу, аймакты жана объектилерди талаптагыдай абалга келтирүү, ошондой эле тартипти жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу боюнча жооптуу адамдарга тапшырмалар берилди.

ШКУ саммити башталганга чейин бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, «Бишкек» ЭЭАнын аймагын жана ага чектеш объектилерди көрктүү жана эстетикалык талаптарга ылайык абалга келтирүү боюнча иштердин жүрүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилди.

Последние новости