www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Октябрь районунун соту райондук прокуратуранын бир катар медиа долбоорлорунун маалымат материалдарын жана ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таануу тууралуу арызын канааттандырды.
Соттун чечимине ылайык, «Temirov Live», «Kloop.kg» («Клооп Медиа» коомдук фонду) жана «Айт Айт Десе» долбоорлорунун материалдары, ошондой эле Т.Б.М. жана Т.Р.Р. аттуу жарандардын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылды.
Сот аталган адамдардын жана уюмдардын катышуусу менен жүргүзүлүп жаткан бул медиадолбоорлордун интернеттеги, анын ичинде сайт жана социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечимин чыгарды.
Соттун чечимин аткаруу милдети Кыргызстандын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.