www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Темир Сариев менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов УКМКша суракка чакырылды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тастыктады.

Албек Ибраимовго, мурда төрагалык кылган “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин (“Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу”) 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев ушул тапта атайын кызматта көрсөтмө берип жатканын УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирген.

-Темир Сариев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылды.

Бишкектеги Жылуулук электр борборунда быйыл кышында авария болуп, калаа эли бир жума жылуулуксуз калган. Андан соң аталган мекемени оңдоп-түзөөдө мыйзам бузуулар аныкталып, бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон - деп билдирди Азаттык агенттиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости