www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Текебаевдин бир жарым жылдан ашуун убакыттан кийин түрмөдөн жатак абагына которулуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жөнүндө маалыматты бүгүн “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү тастыкташты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Буга чейин Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык анын ишин кайра кароону өтүнүп, саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура "Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деп ишти кайра кароодон баш тарткан болчу.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Жогорку сот алардын өкүмүн күчүндө калтырган.
БУлак: NazarNews.kg