www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан парламентинин депутаты Дилноза Ахмадзода 14 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна толук тыюу салууну жана өспүрүмдөрдүн аны колдонуусун катуу көзөмөлгө алууну сунуштады. Анын сунушу «Народная газета» гезитинде жарыяланган.

Депутаттын айтымында, бул жылы өкмөт балдардын укугун коргоо боюнча мыйзамга жалган жана терс маалыматтар боюнча бир катар түзөтүүлөрдү киргизди. Бирок ал балдардын жана өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусун көзөмөлдөө үчүн башка түзөтүүлөр зарыл деп эсептейт.

Ахмадзоданын айтымында, 14 жашка чейинки жашы жете электерге социалдык тармактарды колдонууга толук тыюу салынышы керек, ал эми 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана пайдалана алышат.

Анткен менен эксперттер социалдык тармактарды колдонууга толук тыюу салуу көйгөйдү чечпейт деп эсептешет. Алардын ою боюнча, толук тыюу салганга караганда, аларды колдонууну жөнгө салып, көзөмөлгө алуу натыйжалуу.

Буга чейин Түркия өкмөтү социалдык тармактарды колдонуунун жаш чегин 16 жаштан деп белгилөө жана 18 жашка чейинки балдарга жазаларды реформалоо боюнча иш-чараларды аяктап, мыйзам долбоорунда беш түрдүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жалпысынан 17 берене даярдалганы маалымдалган.

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости