www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты.

«Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктарга тез арада сакайып кетишин каалайм.

Ковид-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргызстан пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкө Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем.

Тажикстан менен Кыргызстанды тамыры тереңге кеткен ак ниет коңшулук, өз ара кызматташуу жана өз ара жардамдашуу салттары байланыштырып келет.

Учурдан пайдаланып, кыргыз тарап биздин колдон келген жардамыбыз менен колдообузга ар дайым таяна аларына Сизди ишендирип кетким келет», — деп айтылат Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун көңүл айтуу телеграммасында.

«Беларусь Республикасы коронавирус илдетинин жайылуусунан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», — деп айтылат Беларусь Президентинин көңүл айтуу телеграммасында.

Александр Лукашенко Беларусь элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен көңүл айтып, ооруп калган кыргызстандыктардын тез арада сакайып кетүүсүн каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости