www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Тазабек Икрамов ырчы болобу?

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Кыргыз радиосунун студиясында аткарган ыры алкоолорго татыды. Интернетке тараган видеосу көптөгөн социалдык колдонуучулардын көңүлүн бурууда. Икрамовдон тышкары биринчи вице-спикер Аида Касымалиеваны жана ырчы Токтобүбү Черикчиеваны көрүүгө болот.

Радионун студиясында Тазабек Икрамов "Издейм сени" аттуу чыгарманы аткарган. Социалдык тармактын колдонуучулары депутаттын өнөрүнө баа беришип, жакшы пикирлерин жаадырышты. Айрымдары "Тазабек Икрамов сахнага кайтты",-деп пикир калтырышууда.

--"Бул депутат каап, ырдап эле жүрсө жакшы болмок экен", "Депутат болбой эле ырчы болсоң авторитет болмок экенсиң", "Тазабек жакшы ырдаптыр, анча-мынча ырчылар мындай ырдай албайт, өзү негизи жүрөгү таза эле адам", "Жигитке 70 өнөр аздык кылат, таланттуу депутатыбыз", "Ырчы болсо эле болмок экен, анча-мынча ырчылар эс алат", "Эл өкүлдөрү элге маанай тартуулоодо", "Өзүнүн жолун тааптыр, оор ырды кандай сонун ырдаган, аман болсун",-деген билдирүүлөрдү калтышыкан. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости