www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан имараттын (Old Bishkek долбоору) үчүнчү кабатын алып салууну тапшырды, анткени ал бекитилген планга дал келбейт.

Текшерүү учурунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев долбоор боюнча имарат эки кабаттуу, ал эми чатыры толкун сымал болушу керектигин маалымдады. Бирок куруучу иш жүзүндө үч кабат тургузуп койгон.

Долбоордун жетекчиси, экс-мэр Нариман Түлеев бул жагдайды шаар куруу кеңешинде 2–3 кабат куруу мүмкүнчүлүгү талкууланганы менен түшүндүрүүгө аракет кылды. Анын айтымында, үчүнчү кабатты милициянын жана өрт өчүрүү кызматынын таяныч пункттары үчүн «шаарга белек» катары берүү пландалган.

Ташиев мындай жүйөнү кабыл алган жок.

«Мага мэр менен курулуш министри имарат эки кабат болушу керек деп айтып жатышат. Силер ар кандай шылтоолор менен үч кабат куруп салдыңар. Мен аларга ишенейинби же сизгеби? Долбоордогудай эки кабаттуу болсун, үчүнчүсүн алып салгыла», — деди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасы Чүй проспектисиндеги жолду тарытып турган курулманы сүрдүрүүнү тапшырган.

Последние новости