www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-декабрда Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган «Биз коррупцияга каршыбыз!» аттуу жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууда мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын негизги багыттары, мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана Стратегияны ишке ашырууда Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктуу орган катары аткарып жаткан милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Прокуратура облус боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу да маалымдап, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Иш-чаранын соңунда студенттер тарабынан “Коррупцияга жол жок!” аталышындагы сахналаштырылган спектакль тартууланды.