www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети кечээ, 16-марттагы жыйында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Демилгечи, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдардын социалдык, транспорттук жана инженердик инфратүзүм объекттерине тоскоолдуксуз кирүүгө карата конституциялык укугун ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк талаптарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар тутумуна интеграциялоо жолу менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

«Мыйзамдын кабыл алынышы мамлекетке беделдүүлүк жана укуктук коркунучтардын төмөндөшүн камсыз кылат, ошондой эле объекттердин кымбат баалуу постфактумдук ыңгайлашуусунан баш тартуунун эсебинен бюджеттик чыгашаларды оптималдаштырууга көмөктөшөт. Анткени долбоорлоо стадиясында жеткиликтүүлүк талаптарын эсепке алуу тоскоолдуктарды жоюу боюнча кийинки иштерге караганда бир кыйла арзан», - деди Дастан Бекешев.

Жыйында мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Венчурдук каржылоо жөнүндө» жана «Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоого алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты венчурдук инвестицияларды стартаптарга, стартап-экосистемага жана инновациялык технологиялар чөйрөсүнө тартуу үчүн укуктук режимди жана жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзамдык деңгээлде төмөнкү түшүнүктөрдү бекитүү сунушталууда: «венчурдук каржылоо (инвестициялар), венчурдук инвестор, венчурдук башкаруучу, венчурдук фонд, бизнес-ангел, стартап, опциондук келишим, конверттелүүчү кредиттик келишим».

Последние новости