www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети бүгүн, 6-апрелдеги жыйында «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Жылдыз Эгенбердиева, Медина Кайрылбекова, Рахат Жунушбаева, Бакыт Тентишев, Сеидбек Атамбаев, Жаныбек Абиров, Гуля Кожокулова, Адилет Белеков, Гүлнара Баатырова жана Бекмурза Эргешов.

Демилгечилердин бири, депутат Жылдыз Эгенбердиева белгилегендей, мыйзам долбоору климаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн Кыргыз Республикасынын калкына, экономикасына жана экосистемаларына тийгизген таасирин минималдаштыруу үчүн климаттык аракеттердин укуктук негиздерин аныктоого багытталган.

«Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен климаттык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн жөнгө салган «Климаттык аракеттер жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты», - деди баяндамачы.

Ага ылайык төмөнкүдөй милдеттерди чечүү сунушталууда:

- климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу үчүн институционалдык негизди бекемдөө;

- климаттын өзгөрүшү маселелерин мамлекеттик, тармактык, регионалдык, жергиликтүү жана корпоративдик өнүгүү саясаттарына интеграциялоо үчүн укуктук негиздерди түзүү;

- климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун, анын ичинде мониторинг, отчеттуулук жана верификация (МОВ) тутумун түзүү жана бекемдөө;

- климаттын өзгөрүшү маселелерин эске алуу менен туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;

- климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн маалыматтык, технологиялык жана илимий негизди өнүктүрүү;

- эл аралык климаттык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Последние новости