www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Иш-чара салтанаттуу шартта дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өттү. Капсуланын салынышы аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү баскычынын башталышын билдирет.

Капсула салуу аземинен кийин Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов аскер кызматчыларынын алдында сөз сүйлөп, жаңы штабдын курулушу аскер бөлүктөрдү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызмат өтөө үчүн заманбап шарттарды түзүүдө чоң мааниге ээ экенин айтып,  бул долбоор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында коргоо ведомствосунун башчысы өздүк курамга бекем ден соолук, кызматта ийгиликтерди жана Мекендин жыргалчылыгы үчүн мындан аркы жетишкендиктерди каалады.
 

Последние новости