www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Талас облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте 2025-жылдын 9 августунда уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерин алдын алуу жана бөгөт коюуга багытталган «Бандит» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 48 жарандын ичинен Талас облусунун аймагында туруктуу жашаган 13 жаран Талас ОИИБне алып келинип, биометрикалык маалыматтары алынып, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, каттоодо турган 6 жаран чет мамлекетте жүргөндүгү, 5 жаран эркиндигинен ажыратылып түзөтүү мекемесинде мөөнөтүн өтөп жаткандыгы, 24 жаран Кыргызстандын башка аймактарында жашап жаткандыгы аныкталды.
Аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча каттоодо турган УКТ мүчөлөрү кылмыштуу топтордун идеологиясынан баш тартышып, КР мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттеништи.
Белгилей кетсек, Талас облусунун аймагында“Смотрящий”, “Положенец” макамына ээ болгон УКТ мүчөлү жок жана кылмыштуу идеологияны жандандырууга болгон бардык аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жазаланат.