www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта көп тармактуу медициналык борбор курулат

Жакында Талас шаарында аянты 1000 чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор ишке кирет. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Талас облусундагы "Армина" көп тармактуу медициналык борборунун курулушун каржылоо боюнча тийиштүү макулдашууга аталган фонд тарабынан кол коюлду. Бул долбоор Талас облусундагы хирургиялык жардамга адистешкен стационары бар алгачкы жеке клиника болмокчу.

Борбордун өзгөчөлүгү — анда миниинвазивдик хирургия жана артроскопия ыкмаларынын киргизилишинде. Буга чейин аймактын тургундары муундардын жаракатынан кийин калыбына келүү же ЛОР-операцияларын жасатуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болушчу.

Жаңы борбордо заманбап жасалма дем алдыруучу аппараттар, жогорку технологиялык операциялык столдор, көлөкөсүз лампалар жана атайын ЛОР-комбайндары орнотулат.

"Фонд борборду заманбап жабдуулар менен камсыздоого 27 млн сом бөлүп жатат. Бул алгачкы консультациядан баштап, толук айыгып чыкканга чейинки дарылоо циклин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор аймак үчүн үч негизги артыкчылыкты берет:

Тургундар операцияларды өз жеринен жасата алышат;

40 жогорку квалификациялуу жумуш оруну түзүлөт;

Дарыгерлер айына 80ге чейин хирургиялык операция жасап, өз потенциалын туулган жеринде ишке ашыра алышат.

Белгилей кетсек, бул РКӨФтүн Талас шаарында ишкерлер менен биргеликте ишке ашырылып жаткан экинчи медициналык долбоору. Буга чейин бир нече жыл мурун диагностикалык багыттагы "Берди" клиникасы ачылган болчу.

Последние новости