www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарындагы 5000 орундуу борбордук стадиондун курулуш иштеринин аткарылышы 75 пайызга жетти. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалым болду.

Министр стадиондогу курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, объекттин сапатына көңүл бурду.

Подрядчы уюмга жумушчу күчүн көбөйтүү тапшырмасы берилди.

Учурда стадиондун курулушунда 300дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө. Нурдан Орунтаев объект эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.

Долбоорго ылайык, 5000 орундуу стадиондо чыгыш жана батыш трибуналар, оюнчулар үчүн зарыл шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган.

Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр курулат.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган.

Объектти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

Последние новости