www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-майында Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев Талас шаарында жергиликтүү тургундар менен элдик жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага шаар тургундары активдүү катышып, социалдык, инфраструктуралык жана коммуналдык тармактарга байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Жалпысынан 62ден ашык жаран кайрылып, 180ден ашуун маселе талкууга алынды. Негизги маселелердин катарында жол инфраструктурасын оңдоо, таза суу менен камсыздоо, канализация системалары, жер маселелери, электр энергиясы, коомдук транспорт жана көчөлөрдү жарыктандыруу сыяктуу көйгөйлөр бар.
Жолугушууда көтөрүлгөн бардык сунуш-пикирлер протоколго киргизилип, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле ар бир кайрылууну көзөмөлгө алуу, маселелерди этап-этабы менен чечүү жана жарандарга расмий жооп берүү милдеттендирилди.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул форматтагы жолугушуулар калк менен түз байланыш түзүүгө жана көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгилешти.