www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-июль күнү Талас шаарында унаа кырсыгы катталып, 1994-жылы туулган жигит оорукананын реанимация бөлүмүнө түштү.

Маалым болгондой, аны «Тойота Фораннер» үлгүсүндөгү унаа кагып кеткен. Социалдык тармактарда, айрым ЖМКлар айдоочу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев экенин айтып чыгышкан.

Таластын Көк-Токой айылынын 53 жаштагы тургуну Марслатбек Шералиев жол четинде велосипедчен адамды унаасы менен коюп, андан кийин токтоп турган «Мерседес-Бенц Гигант» унаасын сүзгөн.

Ал УКМКнын запастагы подполковниги. Ал 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров унаанын айдоочусу Марслатбек Шералиев расмий түрдө кызматта эместигин айтты.

«Массалык маалымат каражаттарына туура эмес маалымат кеткен. Бизде ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси деген штат жок. Ал коомдук жардамчы катары келип жүргөн. Бизде ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө 33 гана штат бар», - деди ал.

Талас ОИИБден кырсык учурунда Марслатбек Шералиев мас абалда болгонун кабарлашты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Советник губернатора Таласской области Шералиев Марслатбек Жолдошбекович совершил ДТП, сбил человека на велосипеде. Водитель находился в нетрезвом состоянии, как пишут в СМИ. Пострадавший находится в реанимации

Опубликовано Кундуз Ажибековой Четверг, 30 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости