www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайм.

Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.

Быйыл Курман Айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз.

Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм.

Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт–таалай каалайм.

Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин.

Баардыгыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости