www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланддын премьер-министринин милдетин аткаруучу Пхумтам Вечаячай менен Камбоджанын премьер-министри Хун Манета Куала-Лумпурдагы (Малайзия) сүйлөшүүлөрдө ок атышууну токтотууну макулдашты, келишим жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымында күчүнө кирет. Бул тууралуу 28-июлда Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим билдирди.
«Эки өлкө тең түн ортосунда токтоосуз жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга макул болду», - деп Associated Press басылмасы Анвар Ибрагимдин сөзүн келтирди.
АСЕАНдын (Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы) аймактык блогунун башчысы катары сүйлөшүүлөргө төрагалык кылган Анвар Ибрагим эки тарап тең нормалдуу жашоого кайтуу чаралары боюнча бирдиктүү түшүнүккө жетишкенин билдирди.
Таиланддын жана Камбоджанын премьер-министрлери Хун Манеттин ортосунда ок атышууну токтотуу жөнүндөгү сүйлөшүүлөр бүгүн, 28-июлда болуп өттү. Ага Америка Кошмо Штаттарынын жана Кытайдын расмий өкүлдөрү да катышты.
Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын мамилелери 28-майда курчуп кеткен. Камбоджанын Преах Вихеар провинциясы менен Таиланддын Убон-Ратчахани провинциясынын ортосундагы талаштуу Пхонг аймагындагы Течо-Морокот кыштагында тай аскерлери Камбоджанын аскердик заставасын аткан.
Натыйжада, бир камбоджалык жоокер каза болуп, бир нечеси жаракат алган.
24-июлда Тамоантом, Тамоантух жана Такрабай храмдарынын айланасында кайрадан куралдуу кагылышуулар болгон.
Камбоджа аталган талаштуу аймактар боюнча маселени мыйзам чегинде чечүү максатында 2025-жылдын июнь айында Эл аралык сотко кайрылган. Таиланд болсо бул кадамга макул эместигин билдирген.
Мындан тышкары, 23-июлда чек арада мина жарылып, бир нече таиланддык жоокер жаракат алган. Эртеси, 24-июлда болгон атышуудан улам абал кескин начарлап, карапайым калк арасында курмандыктар болгон.