www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдырыңыздын санын билесизби?

Жапондордун айтымында, 1 менен 9 аралыгындагы сандардын бири сиздин маңдайыңызга жазылган тагдыр саны болуп эсептелинет. Бул сан сиздин кулк-мүнөзүңүздү, өзгөчөлүктөрүңүздү, касиетиңиз менен жөндөмдүүлүгүңүздү аныктап берет. Албетте, ким эле болбосун өзүнүн кандай экенин билгиси келери анык. Алгач тагдыр санын аныктап алалы. Ал үчүн туулган жылыңыз, туулган күнүңүз менен ай санындагы цифраларды кошобуз. Мисалы, сиз 1981-жылдын 16-декабрында төрөлдүңүз дейли. 1+9+8+1+1+6+1+2=29. Эми 2+9=11. Анан 1+1=2. Башкача айтканда, “2” сиздин тагдыр саныңыз. Кыскасы, бир орундуу сан чыкканча туулган жылыңыз менен күнүңүздүн, айыңыздын сандарын бири-бирине кошо бересиз. Эгер кошуп болсоңуз, анда өз тагдыр саныңызга карата берилген мүнөздөмөгө көңүл буруңуз.

1 саны - жашооңуз кыйынчылык менен карама-каршылыктарга толгон. Атак-даңк да, киреше да бир гана тер төгүү менен келет. Сизде өзүмчүлдүк, текеберлик басымдуу. Өз ойлоруңуз ишке ашпаган учурда, айланадагыларды күнөөлөө сиз үчүн турган иш.

2 саны - жүзүңүз нурдуу, маанайыңыз жайдары. Өзүңүздөгү табигый ыймандуулук, жугумдуулук айланаңызга досторду көп чогултат. Кандай ишиңиз болсо да, оңунан чыгат. Анын үстүнө, өзүңүз да эч нерсени күчтөп, зордоп алууга умтулбайсыз. Бар жакшылык өзү эле келет.

3 саны - сиздин башкы касиетиңиз – адамга ишенгениңиз. Эч кимге жамандык каалабайсыз. Абдан акылдуу, сөзгө чеченсиз. Кандайдыр бир ийгиликсиздикке кабылсаңыз, кайра өзүңүзгө тез келесиз. Сезим дүйнөсү да сиз үчүн абадай керек.

4 саны - сиздин эмгекте тапкан кирешеңиз бир гана өзүңүздүн маңдай териңиз менен келет. Айланаңыздагылар сизге качан болсо да ишеним артышат. Бирок, досторуңуздун көбү ишеничсиз болушат.

5 саны - мүнөзүңүз түз, күч-кубатыңыз артып турат. Ички дүйнөңүз бай, сезимтал адамсыз. Кандай маселе болсо да чечүүгө аракет кыласыз. Бирок, өзүңүзгө жоопкерчилик алуудан качасыз.

6 саны - сиз ойлогон максатыңызга жетесиз. Жашоонун маңызы сулуулук менен шайкеш деп ойлойсуз. Сулуулукка, кооздукка жакынсыз. Сынчылсыз. Бирөөгө сын айтсаңыз, тигишин жаткырып, сылап-сыйпап жеткиресиз. Ошенткен менен, өзүңүздү сынаганды жактырбайсыз.

7 саны - бул сан сизди ар дайым ойго, философиялык толгонууларга багыттайт. Ошондон улам болсо керек, сиздин кээ бир учурларда өзүңүз менен өзүңүз болуп, жеке калган учурларыңыз да аз эмес. Техникалык илим изилдөө иштеринде жакшы ийгиликтерге жетесиз.

8 саны - чөнтөгүңүз акчага толгон. Жашоодо жолуңуз ачык. Кирешеге да тез жетесиз. Адамгерчилигиңиз көп. Жакын досторуңуз башына күн түшсө, биринчи кол сунуу – сиз жактан болот.

9 саны - мүнөзүңүз кубулуп турат, оомасыз. Жеке башыңыздын абалына маани бербейсиз. Жашоо толкунуна багынасыз. Кээде кол жетпеген ишке умтуласыз да, натыйжа чыгара албай убара болосуз. Негизги касиетиңиз – сезимтал, элпектик. Бир сөз менен айтканда, табияты, башкалардан караганда табышмагы көп сырдуу адамсыз.

Последние новости