www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал мурун да бир жолу спикер болгон. Ошол кезде ар бир депутатка “замечание” жасап, сен футболкачан келип алыпсын деп министирлердин орун басарларын кууп чыккан. Мындайча айтканда, парламентти кайсы бир деңгээлде көз карандысыз башкарган спикер болмок. Бул тууралуу тарыхчы, саясат талдоочу Табылды Акеров NazarNews маалымат агенттигинде болгон маегинде билдирди.

-- Мына, биринчи жыйын болуп өттү. Жаңы Жогорку кеңешке баамыңыз кандай? Кандай парламент болот?

- Негизи, кыргызстандыктар, жалпы эле бүт шайлоочулар соцтармактарда аябай талкуу кылып жатышты. Өзүңүздөр билгендей, 6-чакырылыштагы парламенттин депутаттары өздөрүнүн аябай терс жактарын көрсөтүп алышкан, жада калса “чимкирик” деген атка да ээ болушкан.

Ошондон улам эл: “7-чакырылыштын депутаттары кандай болот экен?”- деп аябай кызыгуу менен карап жатышты. Мен баарын көрө алган жокмун, бирок ант бергенин, ким эмне болуп жатканын, ким кандай сүйлөп жатканын көрдүм.

Соцтармактарда “булар мурункулардан жаман болот, жакында кайра жаңы парламентти шайлайбызбы?”- деп жатышат. Жалпысынан эл өзү каалаган парламент болбой калгандай. Жаңы келген парламенттин биринчи жыйынында эле 3-4 депутатты сөгүп да жатышат.

Бирок жаңы келгендер депутат кандай болушун биле элек же ошол образга кире элек. Ошондуктан, билбестик менен көп нерсени кетирип, туура эмес сүйлөп алышы мүмкүн. Бирок акырындап 2-3 айдан кийин образдарына кирип, оор-басырыктуу болуп, бир калыптагы саясатчыга айланышат деп ойлойм.

Албетте, эми биринчи отурум баардыгын чечет, биринчи отурум соцтармактарга жакпай калганы өкүнүчтүү. Спикердин ордун талашуу Кыргызстанда аябай өнүккөн, мындайча айтканда “көшөгө артындагы күрөш” дегендей, аябай катуу талаш болду, акырында Талант Мамытов өзү 7-чакырылышга дагы спикер болуп алды.

Бирок Талант Мамытовго дагы  3-4 ай, андан кийин дагы алмаштырабыз дегендей жылжытма сөз чыгарып коюшту. Бул туура эмес, бир бекиткенден кийин, аягына чейин иштеши керек. Кыргызстанда спикер болуу дагы оңой эмес.

Анткени 90 депутаттын тилин табып, баарына бирдей мамиле кылыш керек. Бирок баарына бирдей мамиле кыла албайт, себеби спикер көбүнчө бийлик жакты карап аракеттенет. Антпесе эртеси кызматтан бошотулуп калышы мүмкүн.

-- Эгерде Мадумаров спикер болгондо кандай болмок эле?

- Эми соцтармактарда көпчүлүгү “Мадумаров спикер болсун, себеби Мадумаровдун тажырыйбасы бар, бардыгын орду менен алып кетмек, сөзгө чечен”, - деп жазып жатышты. Бирок, тилекке каршы, ал 10 добуш эле алып калды.

Эгерде Мадумаров спикер болуп калса, ал баардыгын катуу кармамак. Ал мурун да бир жолу спикер болгон. Ошол кезде ар бир депутатка замечание кылып, сен футболкачан келип алыпсын деп министирлерди да жыйындан кууп чыккан.

Мындайча айтканда, парламентти кайсы бир деңгээлде көз карандысыз башкарган спикер болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости