www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Ордо конушунда жаңы диализ борбору ачылды

Бишкектин Ленин районундагы Ак-Ордо конушунда жаңы диализ борбору ишке кирди.
22-сентябрда Diaverum диализ борборунун расмий ачылыш аземи өттү. Борбор бөйрөк оорулары менен жабыркап, үзгүлтүксүз гемодиализге муктаж бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтөт.
Мамлекеттик заказдын алкагында белгиленген талаптарга жооп берген бейтаптар үчүн диализ кызматтары акысыз көрсөтүлөт.
Долбоор Кыргызстандын мамлекеттик сектору, швециялык Diaverum медициналык компаниясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын M42 инвестициялык компаниясынын биргелешкен демилгесинин негизинде ишке ашырылган.
Жаңы борбор Ак-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо жана ЖЭБ-2 конуштарында жашаган бейтаптар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Эми алар диализ алуу үчүн Бишкектин борбордук бөлүгүнө үзгүлтүксүз каттоого муктаж болбойт.
Борбор заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, 15 диализдик орун менен ишин баштады. Келечекте орундардын санын 20га чейин көбөйтүү пландалууда.

Последние новости