www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Орусиянын президенти Владимир Путинди декабрь айында Майамиде өтө турган «Чоң жыйырмалыктын» (G20) саммитине чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында өткөн брифингде «РИА Новостинин» суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Биз президент Путинди «G20га» чакырдык. Биз бул анын президент (АКШнын президенти Дональд Трамп) менен эле эмес, башка дүйнөлүк лидерлер менен да өз ара аракеттенүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз. Ал бул чакырууну кабыл алат деп үмүттөнөбүз», - деди Рубио. Ал саммитти орус жана америкалык президенттердин сүйлөшүүсү үчүн мүмкүн болгон аянтча катары атады.
Буга чейин «Bloomberg» өз булагына таянып, Владимир Путин «G20» саммитине барбай турганын жазган. Ал 14-15-декабрда өтөт. Агенттиктин маалыматы боюнча, орус президенти үчүн Кытайдагы Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭК) саммити артыкчылыктуу болуп саналат, аны КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин өткөрөт. АТЭК 18-ноябрдан 19-ноябрга чейин Шэньчжэнь шаарында өтөт.