www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Панфилов районунда адам өлтүрүүгө шектелген үчүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл 26-апрелде Чоң Чүй каналынан киши колдуу болгон 55 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин шектүү катары эки киши кармалып, камакка алынган.

Ал эми үчүнчү шектүү – 53 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран изин жашырып кеткендиктен, издөөгө алынган. Учурда аталган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Эскерте кетсек, 1-майда милиция адам өлтүрүүгө шектелип 45 жаштагы К.Т. жана 61 жаштагы Д.Т. аттуу жарандар кармалганын билдирген.

Окуя 26-апрелде болгон. Тергөө учурунда аныкталгандай, окуя болгон күнү алар ичимдик ичип отурушкан. Ошол учурда ортодо чыр чыгып, анын натыйжасында 55 жаштагы В.Х. аттуу жаран киши колдуу болгон. Шектүүлөр кылмыш жообунан кутулуу максатында маркумдун денесин Чоң Чүй каналына алып барып, ыргытып жиберишкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости