www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-майга карата Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашууларында кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматтары тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Атайын техникалар тартылып, жолдун абалы көзөмөлгө алынган.
Азыркы учурда унаа каттамы ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
"Айдоочулардан жол эрежелерин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.