www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-июлда Сингапурда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов коло байгеге ээ болду.
Ал worldaquatics.com сайтына жеңиши тууралуу комментарий берди.
"Мен эмоционалдуу адам эмесмин, бирок мага бул жеңиш абдан таасир этти. Дүйнө чемпиондугунда өлкөм үчүн биринчи медаль, мен абдан сыймыктанам жана бактылуумун. Мен мындай жыйынтык болоорун такыр күткөн эмесмин. Жарыштын кайсы этабында экенимди да билген эмесмин", - деди Петрашов.
Белгилей кетсек, ал 100 метрлик брасс ыкмасы боюнча жарышта 58,88 секундда сүзүп, марага үчүнчү болуп келди.
Бул көрсөткүч менен Петрашов финалга чыккан 9 спортчунун катарында болуп, Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу бул баскычка жеткен суучул болду.