www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Светлана Назаренко инсультка кабылганын ачыктады

«Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко COVID-19 вирусунун кесепетинен инсульт дартына кабылганын журналист Андрей Малаховго берген маегинде билдирди.

Аталган топ 2023-жылы чыгармачылык өргүүгө кеткенин жарыялап, бир жылдан кийин башка солист менен ырдай баштаган. Назаренко сахнага 2,5 жылдан бери чыга элек болчу.

Назаренконун айтымында, ал коронавирус менен 3-4 жолу ооруган. Акыркы жолу оорунун айынан тромб пайда болуп, анын кесепетинен инсультка кабылган.

Ырчы бул окуяны күйөрмандары менен бөлүшкүсү келбегенин, себеби интернеттеги хейттен коркконун белгиледи.

Назаренко Ысык-Көлгө барууну кыялданарын жана түшүндө көлдү көрүп жатканын, ошондой эле сахнага тез арада кайтуу каалоосун айтты.

Белгилей кетсек, сахнада Ая деген ысым менен белгилүү Светлана Назаренко 1970-жылы 17-октябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган. Ал 2016-жылы 30-августта президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен «Даңк» медалын алып, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болгон.

«Город 312» тобу 2001-жылы түзүлгөн жана Бишкек шаарынын телефон номурундагы кодунун урматына 312 деп аталган. 2024-жылы Аянын ден соолугуна байланыштуу топтогу солист алмаштырылды. Убактылуу жаңы солист Диана Макарова «Голос 12» шоусунун катышуучусу болчу.

Последние новости