www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан борбор калаанын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу кызуу уланууда. Бүгүнкү күндө имараттын “А” блогуна 52 свай орнотулуп, гидроизоляция иштер аткарылууда.

Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча имараттын аянты 4703 чарчы метрди түзүп, 4 блоктуу 3 кабаттан турат. Мектепте заманбап негизги окуу класстар, лаборатория, китепкана, эмгек кабинеттер, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралат.

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерилип, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, свайлык ыкма менен Кыргызстанда биринчи жолу мектеп курулууда. Бул ыкма жер кыртышында суунун көлөмү өтө жогору болгон учурда колдонулуп, имараттын туруктуулугун жана сапатын камсыздайт.

Последние новости