www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамырда жол кырсыгынан 4 адам каза болгону айтылды

Чүйдүн Суусамыр өрөөнүндө оор жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен адамдар каза болгону кабарланды.

Интернетке тараган видеодо Honda Civic менен Kia K5 сүзүшүп, эки унаа тең жолдон чыгып кеткен. Кырсыкта 4 жаш бала каза болуп, 4 айлык наристе тирүү калганы айтылат. Ал эми балдардын ата-энеси оор абалда, аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткени айтылды.

Маалыматты жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан тастыкташып, учурда окуянын жагдайлары такталып жатканын билдиришти.

 

Последние новости