www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа 31-майда АКШнын президенти Дональд Трампка телефон чалып, сунуш киргизгенин Anadolu билдирди.
Эки лидер Сирияны кайра курууга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда Ахмед аш-Шараа Вашингтондун өлкөгө каршы бардык санкцияларды алып салуусу экономиканын калыбына келишине салым кошоорун баса белгиледи. Ошол эле учурда Трамп аймактагы туруктуулукту сактоо зарылдыгын билдирди.
Андан тышкары, АКШнын президенти коопсуздукту чыңдоо жана эскалациянын алдын алуу үчүн дипломатияга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын май айында Евробиримдик Сирияга каршы бардык санкцияларды алып салуу планын жарыялаган. "Биз Сирия элине жаңы, инклюзивдүү жана тынч Сирияны кайра курууга жардам бергибиз келет", - деп билдирген Евробиримдиктин дипломатия боюнча башчысы Кажа Каллас.