www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында бир сутканын ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндөгү “Радуга” унаа жуучу жайдын 200 чарчы метр аянты жана “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толугу менен күйгөн.
Ош облусунун Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толугу менен өрттөнгөн. Ал эми Ноокат районунун Борбаш айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 10 чарчы метр шыбы, бир килем жана үй төшөнчүлөрү күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.
Булак: NazarNews.kg