www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоого аттанган Садыр Жапаров тоодо эс алып жүргөн учурунан сүрөт жарыялады. Ал сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга келгенин, бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктаганын айтты.
“Буга чейин 24 сааттын 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жүрдүм. Себеби мурда мойнумда бир эле үй-бүлөөнүн жоопкерчилиги болсо, бир жарым ай бою алты жарым миллион элдин, бүткүл Кыргызстандыктардын тагдыры турду”, -деп жазды Жапаров.
Эске салсак, Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруу кызматын тапшырган. Мыйзам боюнча анын милдети парламент спикери Талант Мамытовго өттү.
Президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына документ тапшырган.
Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митингинен кийинки массалык башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан абактан бошотулган. Жапаров алгач өкмөт башчынын милдетин аткарып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков оставкага кеткен соң, президенттин милдетин кошо аткара баштаган.
Булак: NazarNews.kg