www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муфтияттын эсебиндеги каражаттан (ажылардан чогултулган) 155 млн сом «Налоговый представитель» фирмасына «убактылуу каржылык жардам» катары берилген.
Бул каражат алты айдан кийин кайтарылып, үстүнө 14 млн сом «сыйлык» иретинде кошулуп берилмек. Негизги сумма белгиленген мөөнөттөн 20 күнгө кечигип кайтарылган. Ал эми үстүнө кошулчу 14 млн берилген эмес.
Муну финполициянын буйрутмасы менен муфтияттын каржылык ишмердигин текшерген аудитор Деңиз Бекишев максатсыз пайдалануу катары мыйзам бузулган деп эсептейт.
Ал эми Муфтияттын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдыманап Масалиев «үстүнө кошулган 14 млн сом үстөк болуп эсептелет, демек, бул сүткорлук» дейт.
Буга чейин экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев «мен муфтияттын каражаты пайызга коюлганын билген эмесмин, бул ишти эсепчи Ж.Бекиев өз алдынча кылган экен» деп билдирүү тараткан. А бирок, сүрөттөгү келишимде Азирети Муфтийдин колу коюлуп, мөөрү басылган, анда 155 млн сомдун үстүнө алты айда 14 млн сом кошуп берүү милдеттендирилген.
Ал эми ал каражаттын «Налоговый представитель» аркылуу кайсы бир партиянын шайлоо иштерине жумшалганы айтылган болчу. Анысына түз далил азырынча жок. Бирок, фирманын ээси Н.Чыныбеков 11-августта «Биримдиктин» шайлоо фондуна 200 миң сом салган. Ал эми Муфтияттан 155 млн сомду алган 19-август күнү 67 адам «Биримдикке» жалаң 200 миң сомдон каражат салышкан.
Мындан тышкары, муфтияттан Акыбаев Жалалдин аттуу жаранга да 200 миң доллар берилген. Ал киши да шайлоодо «Биримдикке» каражат жагынан жардам берген.
Кубатбек Айбашов
Булак: NazarNews.kg