www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 14-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын  курсанттарынын бүтүрү аземи болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты NazarNewsка ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу аземдин тапшыруу ачык жана адилетүү түрдө өтүп наамдарды тапшырууга, Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, мурдагы жетекчи генерал Тилек Асаналиев жана ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышыты.

Бул жылы окуу жайды 130 курсант аяктап, анын ичинде 19су кыздар аякташты. Жакынкы күндөрү бүтүрүүчүлөр республикалык ички иштер органдарына  бөлүнүшүп, кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Академиянын бүтүрүүчүлөрүнө кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң жоопкерчилик менен иштөө сунушталган. Биз алардын элине ак мээнет менен берилип кызмат кылуусуна ишенебиз жана үмүт кылабыз.

Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков өз сөзүндө:

--“Өзүңөргө белгилүү болгондой, милиициянын катары жыл сайын ушул Академиянын аяктаган  курсанттар менен толукталып турат. Бүгүнда ушундай толуктоолор ишке ашып, 130 курсант  Мекен алдында, эл алдында өз милдеттерин аткаруу үчүн окууну аяктап, жогорку билим алып, “милициянын офицери” деген наамга татыктуу болуп отурушат", - деди.

Ошол себептен, Ички иштер министри Кашкар Астакановичтин жана жеке өзүмдүн атымдан баардык бүтүрүүчүлөрдү чын жүрөгүмдөн куттуктоо менен, коомдун коопсуздугун сактоо, адам укугун коргоо үчүн жасап жаткан биринчи кадамыңыздар байсалдуу болсун. Кыргыз милициянын тарыхы көптөгөн инсандардын ак эмгеги, талыкпаган кечипкөйлүгү менен түптөлдү. Ал инсандардын эң кадырлуусу  Академияга наамы берилген генерал Эргеш Алиев болсо, андан кийинкилери ушул жерде турган биздин ардактуу ардагерлерибиз болуп эсептелинет.

Ошондуктан, Кыргыз милициясынын атын уят кылбай, улуулар түптөгөн  жолду улап, эл алдында татыктуу кызмат кылууга милдеттүүсүздөр. Ал үчүн ар бириңиздер берген антка бек туруп, милициянын намысын сактаңыздар.

Мындан ары, кайсы кызматта жүрбөңүздөр эң негизгиси жарандардын мыйзамдуу укуктарына кылдат мамиле жасап, адам тагдырына маани берип калыс болуңуздар. Бүтүрүүчүлөр коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн өз милдеттерин так жана намыскөйлүк менен аткарышын каалап кетти.

Ошондой эле, чакырылган коноктор, ата-энелер дагы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап кетишти. Ал эми, бүтүрүүчүлөрдүн ичинен артыкчылык диплом менен аяктап жаткан Бакыт Карыпбаев ыраазычылык сөзүн айтты.

--“ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына бүтүрүүчүлөргө жогорку билим берүүгө жумшаган эмгектерине ыраазычылык”, - деди Бакыт Карыпбаев.

Салтанатуу иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, оркестрдын коштосунда салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости