www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын конференц залында ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн жана Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңештеринин төрагаларынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин жетекчилиги алдында өздүк курамы менен жолугушуулары өттү.
Бул жолугушууда Нурбек Абдиев ардагерлерди түзүмдүн ушул жылдын биринчи чейрегиндеги аткарган иштери менен тааныштырды. Ошондой эле, милициянын отставкадагы полковниги Кадыр Ниязалиевдин өзүнүн атасынын жаркын элесине арналган-белгилүү ыкчам кызматкер, согуш жылдарынан кийин Кыргызстанда кызмат өтөгөн Токоев Ниязалы Токоевичке жана кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгына арналган “Школа мужество” (Эрктүүлүктүн мектеби) аталышындагы китебинин ачылышы болду. Өзүнүн баяндамасында Кызыл Жылдыз Орденинин кавалери, Кылмыш иликтөөнүн жана биздин өлкөнүн Түзөтүү-эмгектенүү мекемелеринин башкармалыгынын 80 жаштагы ардагери шаардагы милиция кызматкерлеринин жана эркинен ажыратылгандарды камаган жайларда иштеген кесиптештеринин татаал иши жөнүндө айтып берди.
Ал Бишкектин кылмыш иликтөөсү республиканын бардык бөлүмдөрүн КИБдин кадрлары үчүн үлгү болгондугун белгиледи. Бул жерде, Фрунзе (Бишкек) шаарынын ИИБ-ИИБдеринде ыкчам чеберчиликтин, насаатчылыктын, криминалистика кабинети, ИИОнун жаш кызматкерлери үчүн практикалык иштер уюштурулган биринчи мектеби жаралган. Шаардык кылмыш иликтөөдөн өз кесибинин профессионалдары Евгений Осетров, Борис Горященко, Игорь Скорин, Василий Баранов, Токтогул Джакыпов, Григорий Кокарев сыяктуу жана башка ондогон легендарлуу кызматкерлер чыккан. КМКнын кесиптештеринин атынан Н. Абдиев ардагерди абийирдүү кызмат өтөгөнү жана кылмыш иликтөөнүн басып өткөн жолу тууралуу кызыктуу баяны үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кадыр атага улуттук кийимдин топтомун жана акчалай сыйлык тапшырды.
Андан соң сөз милициянын отставкадагы полковниктери Леонид Яковлевич Зеличенкого жана анын уулу Александрга берилип, алар “Школа мужество” китебинде резонанс жараткан кылмыштардын бетинин ачылышы тууралуу көптөгөн эпизоддор келтирилип, ал жаш милиция кызматкерлери кызматында колдонууга жарай тургандыгын белгилешти.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам кызматтарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Джамбулбай Джаныбаев өткөн жылы өзүнүн бөлүмү аткарган иштерге токтолуп, ушул жылдагы пландары менен тааныштырды. Сөзүнүн аягында Джамбулбай Казакбаевич Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору К. Джунушалиевдин атынан милициянын отставкадагы полковниги 55 жаштагы К. Кеникеевге “Ардак” медалын тапшырды.
Андан соң, Ыкчам кызматтардын ардагерлер кеңешинин аткарган ишин канаттандыраарлык деп таанып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев кесиптештерин “Жена Офицера” түзүмдүк медалынын эскизи менен тааныштырып, андан сырткары эскиз менен түзүмдүк кеңештин иш-планын талкулоо менен бекитүүнү сунуштады. Жыйындын аягында 2019-жылдын биринчи чейрегиндеги иштерин ийгиликтүү аяктаганы үчүн С. Жоошбаев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин Ардак громатасын милициянын отставкадагы полковниктери М. Смаков менен Н. Чаловго тапшырды.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg