www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын аяк ченинде, тагыраагы 2018-жылдын 6-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ири көлөмдөгү пара алып жаткан маалда колго түшкөнү маалым. Түшүнүктүү тил менен айтканда алкымы бузук Жусубалиев жол куруу үчүн тендерге катышкан кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын сүрөп, ал кызматы үчүн 520 миң АКШ доллар алмакчы болгон. Сом менен чакканда 36 миллиондон ашык каражат. Бул ызы-чуулуу окуядан кийин министр Жамшитбек Калилов да садага чабылганын билебиз. Көрсө, аталган окуя тууралуу ошол кездеги министр Жамшитбек Калилов алдын ала билип, күч органдары менен кызматташкан экен, ал азыр ачыкка чыгууда. Тереңирээк айтсак, 2018-жылдын сентябрь айында министр Ысык-Көлдө "Көчмөндөр оюнунда" жүргөндө "орун басарыңыз Жусубалиев ири көлөмдөгү пара сурап атыптыр" деген сөз жетет. Муну уккан министр Калилов Бишкекке келери менен тиешелүү органдардын жетекчилерине (Антикоррупция кызматынын жетекчисине, өкмөттөгү тиешелүү жетекчиге) кирип, окуяны түшүндүрүп, пара сураган орун басарын кармоого кызыкдар экендигин билдирген. Эгер Калилов ишке аралаш болгондо орун басарын тыйып, «билинип калыптыр, колго түшүп калба» деп алдын алат эле. Бул факты Калиловдун таза экенин, коррупцияга аралашпаганын тастыктайт. Башкача айтканда, министрдин кызыкчылыгы болгон үчүн «паракор» орун басары колго түшүп, коррупциянын бети ачылган. Биз Калиловдун бул аракетине «бали» дедик.
 

Булак: Де-Факто

Последние новости